Биз социалдык тармакта

Казакстандан келе жаткан 180 миң килограмм малдын тоюту артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын "Ак-Тилек" чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Казакстандан Кыргызстандын аймагына 180 миң килограмм өлчөмүндө малдын тоюту мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, жүктүн ветеринардык коштомо документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
Ага ылайык, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан