Биз социалдык тармакта

"Кар жаайт". 30-январга карата аба ырайы

Эртең, 30-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт жана айрым жерлеринде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1 даража,

Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7ге чейин жылыйт.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,

Нарын дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8.

Ал эми борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 0…-2 болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан