
Бишкекте издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берген шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 30-декабрда саат 14:00 чамасында видеокөзөмөл камераларын жардамы менен издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны 1985-жылы туулган О.А. кармалган.
Ага карата Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 217-берененин 3-бөлүгүнүн 2- пунктуна (Финансылык инвестициялык пирамиданы түзүү жана башкаруу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кармалган чет элдик жаран 24 жыл мурун каза болгон кыргыз жаранынын паспортун мыйзамсыз алып, бир нече жолу пайдаланып жүргөндүгү аныкталган. Ал Бишкекте жүрүп дагы сот жоопкерчилигине тартылганга жетишип, баңгизат сактагандыгы үчүн 150 миң сом айыпка жыгылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 347-беренесине (Паспортту мыйзамсыз берүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ал эми шектүүгө көмөк көрсөткөн Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча паспорттук-виза жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 1981-жылы туулган К.А. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.