Биз социалдык тармакта

“Иван Ярыгин-2024” кубогуна арналган мелдеште кыргызстандык үч балбан кыз коло байге тагынды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Калмира Билимбек кызы, Жаркынай Нурлан кызы жана Нурзат Нуртаева Орусияда өткөн “Иван Ярыгин-2024” кубогуна арналган XXXV эл аралык мелдеште коло байге тагынышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Калмира Билимбек кызы 59 килограммга чейинки салмакта, Жаркынай Нурлан кызы 62 килограммга чейинки салмакта жана Нурзат Нуртаева 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш 25-28-январь күндөрү Красноярск шаарында (Орусия) өтүп, ага 24 өлкөдөн келген спортчулар катышты. Жалпы 20 комплект медаль ойнотулду. Байге фонду 7 миллион рублду түздү. Кыргызстандын курама командасы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан