Сузактагы улак тартышта 43 жаштагы жаран сабалып, ооруканага түштү

Сузакта улактагы ызы-чууга байланыштуу 4 бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Жалал-Абад ОИИБи кабарлады.
Маалыматка ылайык, 25-январда саат 14:30 чамасында Кыз-Көл айыл аймагындагы улак тартышта 43 жана 20 жаштагы тургундарды өздөрүнө тааныш болгон жигиттер колдорундагы камчылары менен уруп, денелерине жараат келтиришкен. Натыйжада 43 жаштагы жаран денесинен түрдүү жараат алып, Сузак райондук ооруканасына жаткырылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесине (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын тургундары 1981-жылы туулган Ж.С., 1991-жылы туулган Б.Н., 1992-жылы туулган Т.К. жана 1995-жылы туулган Р.Н. 27-январда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан