Таласта кайгуул-күзөт кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, пара алып жаткан жеринен Талас ОИИБинин кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери, милициянын сержанты Б.у.Н. кармалган.
Шектүү системалуу негизде Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча каражатын алып турган.
Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК жарандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча 0312-66-04-75 телефону аркылуу билдирүүгө чакырат.