Баткенде "Йакын-Инкардын" мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, УКМКга 14 адам жеткирилди

Баткен, Кызыл-Кыя шаары, Баткен жана Кадамжай райондорундагы «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн үйлөрүнө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

26-январда УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүмүнө ылайык, «экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же анын ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу, ошого тете жарандарды анын ишине азгыруу, өндүрүү тартуу» боюнча кылмыш иштин алкагында Баткен облусунун Кадамжай району, Баткен району, Баткен шаары, Кызыл-Кыя шаарында «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, бул мыйзамсыз аракеттер коопсуздук органынын мурда жарыяланган расмий эскертүүлөрүнө карабай жасалган.

"Алардын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, чоң көлөмдөгү диний адабияттар (китептер - 120 даана, брошюралар - 160 даана, баракчалар - 50 даана, дептерлер - 20 даана, уюлдук телефондор - 15 даана) табылып алынды, алар теологиялык экспертизага жөнөтүлөт.

«Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын 14 мүчөсү УКМКга жеткирилди, экстремисттик топтун лидери аталган 1983-жылы туулган И.З.А. Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда бул аймактагы кошумча кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан