Өлкөдө сутка ичинде 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, өрттү өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган.
"Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 4, Жалал Абад облусунда 2, Чүй облусунда 5, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт болгон", - деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.