Биз социалдык тармакта

ӨКМ өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшөрүн билдирди 

Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 30-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:

- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),

- Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),

- Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,

- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),

- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында,

- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),

- Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында.

Ага ылайык, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан