
Мал издеп жүргөн жаранды атууга шектелип Балыкчы шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-январда саат 21:00 чамасында милицияга Балыкчы шаардык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмү Тоӊ районунун Боз-Бармак участогунун тургуну 1982-жылы туулган Н.Б. төшүнө ок тийип түшкөнүн билдирген.
Жабырлануучу суунун жээгинде мал издеп жүргөндө белгисиз адам өзүнүн белгисиз куралы менен төшкө аткан.
Бул окуя боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп, шектүү катары Балыкчы шаарынын тургуну 1989-жылы туулган М.Б. кармалган. Андан окуяга тиешелүү болгон далил зат катары ТИР атуучу белгисиз маркадагы курал алынып, соттук балистикалык экспертиза дайындалган.
Учурда жабырлануучуга карата тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тийиштүү мекемелерге жиберилди.