Бүгүн, 30-январда Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу №7 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.
Ага ылайык, мекеменин имараты эки кабаттан турат жана 220 орунга ылайыкталган. Ичинде бардык тийиштүү шарттар каралып, керектүү эмеректер менен жабдылган.
“Алтын балалыкта” 2,5 жаштан жогорку мектепке чейинки жаш курактагы балдар тарбияланат.
Белгилей кетсек, №7 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу президенттин резервдик фондунан каржыланган.