Биз социалдык тармакта

"Балаңызды аябайсызбы?". Ошто өз өмүрүн кыюуга аракет кылган келин куткарылды (видео)

Милиция кызматкерлери Оштогу көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган келинди куткарып калышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн балконунан бир келин секирүүгө аракет кылып жатканы жөнүндө маалымат түшкөн.
Жерине барган шаардык милиция кызматкерлери, ӨКМ кызматкерлери жана тез жардам дарыгерлери болуп биргеликте кыздын секирүү максатын токтотуп, өлүмдөн сактап калышкан.
"27-январда Ош шаарынын жашоочусу турмуштук кыйынчылыктардан улам өз өмүрүн кыюуну чечип, жашап жаткан үйүнүн балконунун тосмосунан ашып чыкканда, өтүп бара жаткандар көрүп калган. Өз убагында келген милиция, ӨКМ жана тез жардам кызматтары биргелешип кырсыкты алдын алышты", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми окуя учурунда тартылган видеодо тиешелүү кызматкердин аялга "Балаңызды аябайсызбы?" деген сөздөрүн угууга болот.
Ушул эле күнү борбор калаа Бишкекте 7-кабаттан секирүүгө аракет кылган кыздын видеосу тарады. Анда көрүнгөндөй, кызды кайра батирге алып кирүүгө жетишишкен.
30.01.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан