Биз социалдык тармакта

Кара-Көл шаарында "Эл аман" мамлекеттик дарыканасы ишке кирди

Бүгүн, 30-январда Кара-Көл Жалпы дарыгердик практика борборунда мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылуу аземине министрликтин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нүргүл Ибраева катышты.

"Ибраева өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты, бул калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгилеп өттү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушуну менен жалпы республика боюнча "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын саны 59га жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан