Ноокендеги жайыттан мал уурдап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Орусияда "Каракчылык" беренеси менен соттолуп, жазасын Чүйдүн Беловодский айылындагы Жаза аткаруу мекемесинде өтөп жаткан жаран С.О. сырттан тааныш болгондор менен Ватсап аркылуу байланышып, мал уурулук кылышкан. Былтыр 2-декабрга караган түнү соттолгон жарандын тааныштары А.К., М.Б., Э.Н.лар Ноокен районунун жайытында жүргөн 2 бодо малды уурдашкан.
С.О. болсо Ватсап аркылуу жүк ташуучу автоунааны Таш-Көмүрдөн Ошко мал жеткирүү үчүн буюртма кылып, айдоочуга жолдон инилери тосуп алаарын айткан. Былтыр 4-декабрга караган түнү Бишкек шаарынан келе жаткан жүк ташуучу автоунаага А.К., М.Б., жана Э.Н. жайыттагы короонун ичинен 8 бодо малды уурдап салышып, Ош облусунун Араван районуна жеткиришкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2 баш мал Аравандан, 1 баш мал Ноокен районундагы мал базардан табылып, ээлерине кайтарылып берилген.
Кылмышка шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын 2004-жылы туулган тургундары А.К., М.Б., Э.Н. кармалган.
Ал эми Жаза аткаруу мекемесинде жазасын өтөп отурган Ноокен районунун тургуну 1992-жылы туулган С.О. убактылуу кармоочу жайга этап менен киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.