
Бишкек шаарында ири суммадагы акча уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.
2023-жылдын 28-декабрь күнү милицияга Э.А. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Ошол эле күнү саат 12:30 чамасында Чокморов жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган Мазда Демио маркасындагы автоунаанын салонунан 8 миллион 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын жашыруун уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө кылмышка шектүү катары 1970-жылы туулган Ц.Ш. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого анын катыштыгы бар экендиги аныкталууда.