Бишкек шаарында каза болгон Кыргыз жаранынын паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.
30-декабрь күнү видеокөзөмөл камераларын жана адамдын жүзүн таануу системасын көзөмөлдөө учурунда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны 1985-жылы туулган О.А. кармалган.
Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө кармалган чет элдик жаран О.А., 2000-жылы каза болгон Кыргыз жаранынын паспортун мыйзамсыз алып, бир нече жолу пайдаланып жүргөндүгү аныкталган.
Мындан тышкары, аталган жаран Казакстандын укук коргоо органдарынан жашырынып Кыргызстандын чек арасын кесип өткөн. Ал эми каттоочу органдын кызматкерлери Кыргызстандын аймагында издөөдө жүргөн кылмышкерди мындан ары мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүшкөн.
Анын үстүнө ал баңги затын сактагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, 150 миң сом айыпка жыгылганга жетишкен.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
"Комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Калкты каттоо департаментинин Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча паспорттук-виза жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин кылмыштуу аракеттери аныкталып, 1981-жылы туулган К.А. аттуу жарандын бети ачылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш иштерине башка мүмкүн болгон шериктерди аныктоо жана коррупциянын мындай көрүнүштөрүн жок кылуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти шаардык милициядан.