Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),
  • Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында,
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан