Кара-Сууда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кара-Сууда ири суммадагы акча алдамчылыгына шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Маалымдалгандай, милицияга Шарк айыл аймагынын тургуну 1963-жылы туулган Н.И. арыз менен кайрылган. Анда былтыркы жылдын 24-декабрында өзүн "Султан" деп тааныштырган адам "Корея өлкөсүнөн алып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп берем" деген шылтоо менен 9 миң долларын алып, изин жашырып кеткенин айтып, тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө-амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган, УКТ мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1990-жылы туулган И.И. кармалып, камакка алынды.

Учурда анын башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан