Биз социалдык тармакта

Эртеңден баштап Бишкекте дагы эки маршрутканын линиясы автобуска алмашат (схема)

Бишкекте №145 жана №169 автобустар ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, эртең, 1-февралдан тарта борбор калаада 145 жана 169 номурлуу автобустар каттамга чыгат.
№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттаса, №169 автобус Ак-Ордо конушунан "Шоро" компаниясына чейин жүрөт.
Буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар каттап келген.
"Бара-бара бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан