Баткенде чек арадан 300 миң сомдук мыйзамсыз жүк кармалды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде аткезчилик жүктөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-январда Лейлек районунун Байзак-Сай жергесинде MERCEDES-BENZ Sprinter үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө жалпы салмагы 900 киллограмды түзгөн 18 кап күрүч табылып, жүккө тиешелүү документтери жок экендиги аныкталган. Жүктү 1999-жылы туулган К.А. жана 2001-жылы туулган С.Ф. аттуу жарандар Тажикстандан өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан.

Ушул эле күнү чек арачылар Лейлек районундагы Мурас-Достук унаа жолунда Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган 1986-жылы туулган жаранды кармашкан. OPEL ZAFIRA унаасын текшерүүдө тиешелүү документтери жок 100 кутудан ашык энергетикалык суусундуктар табылып, ар бир кутуда 24 банка суусундуктары бар экени аныкталган.

Мыйзамсыз алынып бараткан аткезчилик жүктөрдүн жалпы суммасы болжол менен 300 миң сомдон ашат.

"Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр териштирүү иштери үчүн тиешелүү кызматкерлерге өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан