Биз социалдык тармакта

Зулушев: "Атасы уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болгону үчүн прокуратура кызматкери иштен кетти"

Бүгүн, 31-январда өткөн Башкы прокуратуранын маалымат жыйынында Курманкул Зулушев прокуратурадан бир кызматкер иштен алынганын билдирди.
Анын айтымында, ээлеген кызматынан бошотулган кызматкердин атасы уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы болгон.
"Аскер прокуратурасынын Оштогу гарнизонундагы тергөөчүлөрдүн биринин атасы уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болгон. Мындан улам тартип комиссиясы бул кызматкерди кызматтан алуу чечимин чыгарып, иштен алынды", - деди Зулушев.
Башкы прокурор бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн алкагында көзөмөл органында кадрларды тазалоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан