"Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, биринин үйүнөн басмакана табылды

Ысык-Көлдө "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-январда "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмдун "Жети-Өгүз" ячейкасынын активдүү А.у.М., Б.К., Б.у.Ж., Т.А., А.А., Ж.у.Э., К.А., М.А., А.у.Э., Ж.Н., А.М., И.у.У. жана А.М. аттуу мүчөлөрүнүн жашаган жеринде соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда аталган уюмга таандык түрдүү китепчелер, диний дептерлер, уюлдук телефондор табылган.

Ошондой эле, диний-экстремисттик уюмдун бир мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылып, ал жерде экстремисттик маанайдагы материалдар басылып турганы аныкталган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан