Бишкек шаарында үйүнөн чыгып кеткен 20 жаштагы Адинай Абазова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
29-январь күнү Бишкек шаарынын Т.В. аттуу тургуну 2004-жылы туулган кызы Абазова Адинай Тимуровнаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен милиция кызматкерлерине кайрылган.
Кийген кийимдери: жашыл топу, кара куртка, кочкул жашыл шым.
Белгилери: бою болжол менен 165-170 сантиметр, ошондой эле ээгинде кичинекей меңдер бар.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер дайынсыз жоголгон Абазова Адинай Тимуровнага байланыштуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, анда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз 0(312) 56-60-43, 0(312) 56-32-48, 0(507) 69-22-61 ошондой эле кыска номерге “102”.