
Өлкө аймагында бир күн ичинде 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылды.
- Бишкек шаарында – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 1.
Ага ылайык, куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.