"Акчаңды өндүрүп берем". Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шектүү катары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 4500 доллар карызын кайтарбай жүргөн Ж. аттуу жарандан акчаңды алып беребиз деген 2 жигит иши үчүн 500 доллар алышып, убакыт өтүп жок болуп кетишкенин айткан. Ошол эле учурда алар Ж аттуу жарандан 192 миң сомду өзүлөрүнө өндүрүп алышкан.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Талас облусунун тургуну 1995-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары аныкталды.