Караколдо 2 гектар жер "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына кайтарылды. Бул туралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Караколдо Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу тартып алган 10 миллион сомдук 2 гектар жер тилкеси Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына кайтарылган. Бул жер тилкеси "Каракол" лыжа базасынын жанындагы престиждүү аймакта жайгашкан.
"Аталган жер участогуна лыжа туристтик базасын куруу пландаштырышкан. Бул уюшкан кылмыштуу топко олуттуу суммадагы каражат алып келмек", - деп айтылат маалыматта.
Камчы Көлбаевдин жана анын кылмыштуу тобунун мүлкүн издөө жана мамлекетке кайтаруу боюнча активдүү иштер уланууда.