Бишкекте шаар тургунун сабоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлайт.
Маалымдалгандай, былтыр ноябрь айында милицияга У.А. аттуу шаар тургуну кайрылып, Т.Т. аттуу адам аны эч себепсиз сабап салганын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Октябрь райондук милициянын кызматкерлери 31 жаштагы шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, ал Бишкек шаардык милициянын атайын багыттагы кызматкерлеринин жардамы менен кармалган.
Аталган жаран ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жарандарды 0(559) 00 99 99, 0(500) 15 11 11, 0(507) 12 54 45 же “102” номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.