Бүгүн, 1-февралда Бишкектин Манас проспектинде Орусиянын элчилигинин имаратынын алдында эки унаа кагылышты, анын бири Кытай элчилигине таандык. Бул тууралуу маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, учурда кырсык болгон жерде Милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.
"BMW жана Hyundai Sonata машиналары кагышкан. Жабыркагандар жок. Кырсыктын жагдайлары териштилип жатат", - деп айтылат маалыматта.