Бишкекте каракчылык кылууга адистешкен адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Биринчи Май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-январда милицияга О.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар ошол эле түнү саат 02:30 чамасында курч темир буюм менен коркутуп, тишин сындырып, баасы 20 миң сомдук телефонун жана 5 миң сомун карактап кетишкенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 11 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар: 2007-жылы туулган К.А., К. Р., Б. Р., О.А., 2006-жылы туулган А. Б., З. Б., 2004-жылы туулган Т. А., 2007-жылы туулган Т. Ж., Б.Р., 2003-жылы туулган Ж. Э., 2005-жылы туулган А. Б..
Иликтөөдө алардын кылмыш схемасы ачыкталган. Анда бул топтун кыздары социалдык тармактар аркылуу эркектер менен таанышып, жолугушууга чакырып турушкан. Андан соң каракчылык кылган шериктерине кабар берип турушкан.
Ошондой эле далил катары шектүүлөрдөн мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефон табылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.