Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мыйзамсыз базар ачып, ижара акы чогултуп жүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Ага ылайык, 2010-жылы Ноокен районунун тургуну Масы айылындагы Эски-Масы-Сай каналынын жээгине кийим-кече базарын мыйзамсыз ачып, контейнерлерди коюп, айына 3 миң сомдон 7 миң сомго чейинки суммада ижара акы чогултуп келген. Базар ачылган жер каналдын жээги болгондуктан кооптуу аймак катары эсептелип, өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын суу-сел ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн көзөмөлүндө турган.
Базарга аудит жүргүзгөн адистер зыяндын жалпы суммасы 7 миллион сомдон ашык экенин эсептеп беришкен. Анын негизинде иш козголуп, базардын кожоюну О.А.М. камакка алынган.
Учурда тергөө жүрүп жатканы, мыйзам бузууларга барганы үчүн Жалал-Абад облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын суу-сел ташкындарынан коргоо бөлүмүнө юридикалык баа берилери кошумчаланды.