Өзгөндө мал уурулук кылган деген шек менен жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
1-январь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү өзү жашаган үйүндөгү мал сарайынан бир баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшкөн. Чогултулган материалдын негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип, Өзгөн районунун 2003-жылы туулган тургуну К.Н., Ноокен районунун 1999-жылы туулган тургуну Х.М. жана Чүй облусунун 2004-жылы туулган тургуну С.А. кармалып, камакка алынды.
Тергөө ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун мындан башка дагы 5 мал уурулук фактыларына тиешеси бардыгы аныкталган. Жарандарга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 165 миң сомду түзгөн.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жарандарга келтирилген зыяндар кайтарылууда.