Бишкекте ЖЭБден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкекте ЖЭБден чыккан өрт саат 05:05 чамасында толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Шабдан Баатыр №108 дарегинде жайгашкан ЖЭБдин аймагында кырсык болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 2-февралга караган түнү саат 03:06 чамасында Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм, Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 6 бөлүм жана штаб тартылган. Саат 3:15ке карата 4 бөлүм артка кайтарылган. Ал эми жеринде 2 бөлүм жана штаб иш алып барды.
Ага ылайык, өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлдү. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев координациялык иш-чараларын жүргүзүүдө. Кырсыктын кесепетинен ТЭЦтин 3 кызматкери жабыркап тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилди.
Учурда жеринде авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу үчүн ыкчам топ түзүлүп иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан