Бокс боюнча Эл аралык мелдеш: Өмүрбек Бекжигит уулу жарым финалга чыкты
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Өмүрбек Бекжигит уулу Испаниянын Ла-Нусия шаарында өтүп жаткан “Boxam” Эл аралык мелдешинин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мушкер 86 килограммга чейинки салмакта катышып жатат. Өмүрбек 1/4 финалдан баштады, алгач польшалык мушкерди жеңди.
Ал эми жарым финалдык беттеште индиялык спортчу менен беттешет.