Төө-Ашуу, Чычкан, Ала-Белде кар көчкү түшүшү мүмкүн
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 2-февралдан 4-февралга чейин метеорологиялык кырдаалга байланыштуу тоолуу райондордо жана Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.
Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңору айтылат.
"Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар.
Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз", - деп жазылат маалыматта.