Бүгүн, 2-февралга караган түнү Чүй облусундагы Суусамыр өрөөнүндө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер силкинүүнүн очогу Кожомкул айылынан 12 чакырым түндүк-чыгышта, Суусамыр айылынан 14 чакырым түндүк-чыгышта, Тунук айылынан 15 чакырым чыгышта, Бишкек шаарынан 90 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Суусамыр, Тунук, Кожомкул айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.