Баткенде аткезчилик жол менен келген жер семирткичтер аныкталды

Баткенде аткезчилик жол менен келген жер семирткичтер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
2024-жылдын 31-январында экономикалык аткезчиликке каршы күрөшүү жана ага бөгөт коюу максатында аткарылган иш аракеттердин жыйынтыгында, Баткен шаарынын көчөлөрүнүн биринде 20 фут контейнерде Өзбекстандан аткезчилик жол менен Баткен облусунун аймагына алынып келинген жер семирткичтер аныкталып, алынды.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпысынан 518 кап (болжол менен 26 тонна) жер семирткичи Баткен шаарынын 43 жаштагы К.Ага таандык экени аныкталып, учурда тергөө иштери уланып жатат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан