Казакстандын Караганда – Балхаш трассасында кыргыз номуру тагылган эки жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Маалымдалгандай, кырсык кечээ, 1-февралда болгон.
"Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жергиликтүү бийлик менен болгон окуянын чоо-жайын тактап жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, кырсыктын кесепетинен бир Кыргыз жараны каза болсо, дагы бири ооруканага жаткырылган.
"Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо жана зарыл болгон учурда жабыркаган Кыргызстандын жарандарына зарыл жардам көрсөтүү иштерин улантат", - деп белгиленет маалыматта.