Биз социалдык тармакта

"Келечек" реабилитациялык борборундагы балдар Сокулук реабилитациялык борборуна которулат

"Келечек" реабилитациялык борборундагы балдар Сокулук реабилитациялык борборуна жайгаштырылат. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек шаары боюнча ЖЭБге бир гана "Келечек" реабилитациялык борбору кошулган.
Учурда бул борбордо 33 майыптыгы бар бала стационардык дарыланууда.
"Анын ичинен план боюнча бүгүн 17 баланын реабилитациясы аяктап, чыгарылышы керек болчу.
Эртең мененки убакыттан баштап борбордогу абал министр Гүлнара Баатырованын көзөмөлүндө", - деп жазылат маалыматта.
16 баланы ата-энеси менен Сокулук реабилитациялык борборуна убактылуу которуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Калган интернаттар штаттык режимде иштеп жатканы айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан