
Нарында экстремисттик кыймылдын мүчө болуп жүргөн жаран өз каалоосу менен экстремисттик уюмдан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө тыюу салынган "Йакын Инкар" агымынын мүчөсү, Ак-Талаа районунун тургуну А.Т. өз ыктыяры менен эктремисттик уюмдун идеологиясын колдоодон жана ага мүчө болуудан баш тарткан.
Эми ал салттуу ислам эрежелери менен дин тутууну, мындан ары өлкөдө тыюу салынган уюмдар менен байланышпоону убада кылган.