Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Кытайдын жогорку окуу жайлары креативдүү индустрия жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Кытайдын жогорку окуу жайлары креативдүү индустрия жаатында кызматташууну мерчемдөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз делегациясынын Кытайга болгон иш сапарынын алкагында министр Догдуркүл Кендирбаева Шэньси провинциясынын аялдар федерациясынын төрайымы Ли Цин жана арт-дизайнер Фан Яньян менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстандын жана Кытайдын жогорку окуу жайларынын креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө катышуусун талкуулашкан.
"Делегация мүчөсү, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин проректору Гүлзат Исаматова менен арт-дизайнер Фан Яньянь арт көргөзмөсүн уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карашты", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан