Бишкекте чет элдик студенттер жашаган батирге кирип барып тоноп кетүүгө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-январда түнкү саат 01:00 чамасында милицияга Шопоков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде чет элдик жарандарга карата жасалган каракчылык боюнча маалымат келип түшкөн. Жерине барган учурда белгисиз адамдар чет элдиктердин батирине киргени аныкталган. Алар бычак менен коркутуп ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондорун, 500 долларын жана 5 миң сомун алып кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр спецназдын жардамы менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар: 1997-жылы туулган М.Т., 1987-жылы туулган Н.Э., 2003-жылы туулган Т.Д., 1995-жылы туулган Б.Б., 1998-жылы туулган А.А. жана 1997-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар.