Базар-Коргон районунун архивинин башчысы кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин Базар-Коргон райондук мамлекеттик архивинин башчысы кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, кармалган Ж.К. 2023-жылдын 6-июлунда архивде сакталып турган документти жок кылып, анын ордуна архивдик сактоодо жок буйрукту тиркеген.
Мындан сырткары, сактоодо жок болгон 1999-жылдын 30-мартындагы сатуу жана сатып алуу келишимди 2023-жылдын 10-октябрында көчүрмөнү мөөр менен тастыктап берген. Архивдик көчүрмөнүн негизинде Жер ресурстар кызматынын Базар-Коргон филиалы тарабынан 20 миллион 363 миң сомго бааланган 1,5 гектар жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт даярдалып берилген.
Топтолгон материалдар боюнча Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Базар-Коргон РИИБге өткөрүлүп берилген.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.К. шектүү катары суралып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан