Бишкекте 1-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин кызматтык унаасынын катышуусунда болгон жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, аталган жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну аныктоо, ошондой эле унаанын техникалык абалын текшерүү үчүн соттук-автотехникалык экспертиза дайындалган.
Алдын ала кароого ылайык, Хюндай-Соната үлгүсүндөгү унаанын токтотуучу системасы, руль башкаруусу, жүрүү бөлүгү, жол кырсыгына чейин иштин натыйжалуулугуна таасир этүүчү бузуктары болгон эмес жана жол кырсыгы фактысына себептик байланышта болгон эмес.
Медициналык күбөлөндүрүү протоколуна ылайык, Хюндай-Соната унаасынын айдоочусу И.Б. жол кырсыгы болгон учурда соо болгон.
"Ошондой эле Хюндай-Соната үлгүсүндөгү автомашинанын айдоочусу И.Б. рулда уктап калгандыктан кагылышууга барганын мойнуна алды. Маалыматтарга жана материалдарга тайансак, Соната унаасынын айдоочусу тарабынан транспорт каражатын эксплуатациялоону бузулгандыгы себеп болгон", - деп билдиришти ИИМден.