Ысык-Көл облусунда үйүндө курал-жарак сактап жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине белгисиз жаран үйүндө мыйзамсыз курал сактап жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.
Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Ысык-Көл районунун 1991-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
Анда 16 калибрдүү кош ооз мылтык, ТОЗ-16 үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана 5,6 калибириндеги 22 даана ок табылып алынган.
Алдын ала жүргүзүлгөн суракта шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.