Социалдык фонд кыргызстандыктарга кайрылып, пенсия курагы жогорулайт деген маалыматты четке какты.
"Кыргызстанда пенсия курагы жогорулайт деген маалымат таратылууда. Биз бул маалымат чындыкка дал келбесин билдиребиз. Бүгүнкү күндө пенсия курагын жогорулатуу боюнча эч кандай өзгөртүүлөр жок. Мыйзамга ылайык эркектерге 63 жаштан, аялдарга 58 жаштан пенсия чектелет. Пенсияга байланыштуу маалыматтарды алууда расмий маалымат булактарына гана таянууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле соцфонд расмий эмес булактардагы маалыматтардын жалган экенин, бул жарандарды адаштырууга багытталганын белгилейт.