
Мурдагы аялына тынчтык бербей, түрдүү ыкма менен коркутуп жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКга А.А.Т. аттуу аял арыз мененкайрылган. Ал мурдагы күйөөсү Ж.Б.А. дайыма кол көтөрүп, психологиялык жактан басынтып келгенин, ажырашып кеткенден кийин да бул иштерин токтотпогонун билдирген.
"Жабырлануучунун айтымында, балдарынын көзүнчө бычак, балта менен коркутуп келген. Кичүү уулун бала бакчадан алып кетип, улуу кызына уяттуу видеолорду жөнөтүп, анда апасы тартылганын айтып турган", - деп айтылат маалыматта.
Келин бул боюнча милицияга бир нече жолу кайрылган, бирок күйөөсү кайра бошонуп алып тынчын ала берген.
УКМКнын тийиштүү фактыларды текшерүүсүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш ачылды
Мурдагы жубайына жана балдарына жасаган мыйзамсыз жосундары үчүн Ж.Б.А. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө уланууда.
УКМК үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарды тиешелүү органдарга кайрылууну, күнөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын эскертти.