Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министри Шаардык перинаталдык борборго барды

Бүгүн, 3-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева Шаардык перинаталдык борбордогу бейтаптардан кабар алышты.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, алар аталган борбордогу энелер жана балдар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Мекеменин башкы дарыгери Жамила Марипова борбордо 102 аял жана 101 бала бар экенин билдирген.
"Үйлөрүнө чыгарылчулар бар, жаңы толгооосу келген аялдар түшүп жатат. Ар бирине тиешелүү жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Температуралык режим 18 градустун тегерегинде сакталып турат, электр жылыткычтарды туташтырып жатабыз", - деген Марипова.
Министр Шаардык перинаталдык борбордун дарыгерлерине жана кызматкерлерине аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, жылуулук менен камсыздоону толук калыбына келтирүү боюнча тиешелүү кызматтар бардык зарыл иштерди аткарып жатканын белгиледи.
Ошондой эле бейтаптарга толук медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырганы айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан