Бүгүн, 3-февралда саат 14:36да кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн очогу Кытайдын аймагында, Бедел айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта, Ыштык айылынан 48 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 144 чакырым түштүктө жайгашкан.
Жер титирөө Бедел айылында 3,5 балл, Ыштык айылында 3 баллга чейин сезилген.