Кыргызстанда майыптыкты күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү жана майыптык фактысын аныктоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдады.
Ага ылайык, мурда бул үчүн майыптыгы бар адамдар медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга 11 документ топтоп беришсе, эми бир гана документ – амбулатордук карта гана талап кылынат.
"Саламаттык сактоо уюмдары бардык зарыл документтерди санариптештиргенден кийин адам медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга 1 жолу гана келиши керек болот. Учурда медициналык-социалдык экспертизаны реформалоо боюнча иштер башталды.