Биз социалдык тармакта

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу: Куткаруучулар урандылардын алдынан итти тирүү алып чыгышты (видео)

Бишкек ЖЭБиндеги урандылардын астынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары денесинен жаракат алган итти тирүү алып чыгышты. Бул тууралуу "Кайрымдуу колдор" кайрымдуулук фонду социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, ит дээрлик үч күн бою урандылардын астында жаткан. Тумшугу, көзүнүн териси, кулактары жана буттары күйүп калган.

“ӨКМдин кызматкерлерине терең ыраазылык билдиребиз. Итти тапкандан кийин ойлонуп отурбай, дароо ветеринардык клиникага алып келишиптир. Аны калтыргандан кийин урандыларды тазалоо үчүн кайра жөнөп кетишти. Адамдык боорукерлик үчүн чоң рахматыбызды айтабыз", - деп жазылат анда.

Куткаруучулар урандылардын алдынан итти тирүү алып чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-02-04 18:10:00
ӨКМ азаматсыздар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан